Бишкекте унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-майда Октябрь районунун М. Горький көчөсүндө унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 Өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм тартылып, унаадан чыккан өрт саат 9:39да чектөөгө алынган.
Ал эми капысынан чыккан тилсиз жоо саат 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн.
Учурду өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.