7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

657

 

 

Борбор калаанын криминалдык милиция кызматы издөөдө жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Ал унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, 27-февраль күнү Биринчи Май РИИБине 1986-жылы туулган С.У. аттуу жаран кайрылып, 26-февралдан 27сине караган түнү белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын тартып алышканын айткан. Окуя Коёнкөзов көчөсүндө болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иш-чараларынын жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1986-жылы туулган Г.Т. аттуу жаран кармалды. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. Шектүү Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилип убактылуу кармоочу жайги киргизилген. Ал эми уурдалган Хонда Фит унаасы ээсине кайтарылды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу аныкталууда.

658