7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте унаа уурдап качкан 29 жаштагы жаран кармалды

731

Бишкекте соода борборунун алдынан унаа уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда С.Д. аттуу жаран кайрылып, болжол менен саат 22:45 чамасында Баха жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Фрунзе» соода борборунун астынан «Матиз» үлгүсүндөгү авто унаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткендигин билдирген.

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан шектүү 1992-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 206-беренесинин («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732