7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте унаалар менен алдамчылык иштерди жасап жүргөн шектүү кармалды

1007

Бишкекте унаалар менен алдамчылык иштерди жасап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 18-март күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, 11-мартта 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында турган унаасын чала таанышы ишенимге кирүү жолу менен алдап кеткенин айтып кайрылган. Шектүү унаасын үчүнчү жактарга күрөөгө коюп, алынган акчаны жеке муктаждыктарына жумшаганы жазылган.

Бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Тергөө иш-чараларынын негизинде, ыкчам кызматкерлер тарабынан алдамчылыкка шектүү катары 1995-жылы туулган С.Э. аттуу адам кармалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүнү эки айга үй камагына алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шектүү ушул сыяктуу дагы 3 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган. Кимде ким сүрөттөгү жарандан жабыркаган болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 0(708) 06-49-26, 0(557) 33-33-53 жана 102″, — деп жазылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1008