7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Өзгөчө абал режимин киргизүү сунушталууда

327

Биз эч кандай чарасыз отура берсек ковидден эмес, булганган абабыздан өлөбүз. Бул тууралуу Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова Facebook баракчасына жарыялады.


Ал борбор калаага экологиялык Өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштоодо.


«Унаалар АИ-80 менен жүрөт, эл кездемелерди жагып жатат, а акчасы барлар ойлонбостон шаар куруу менен алек, ЖЭБ быкшып жатат», — дейт ал.
Труханова ДССУнун маалыматтарын мисалга келтирди, анда абанын булганышы дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн жана оорунун негизги себептеринин бири болуп саналары айтылат.


«Абанын ден-соолукка тийгизген кесепеттери ооруканаларга кайрылуунун көбөйүшүнөн жана тез жардам бөлүмдөрүнө жаткыруудан баштап, мезгилсиз өлүмгө алып келүү коркунучуна чейин алып барат. Дүйнө жүзү боюнча абанын булганышынан улам көз жумгандардын болжолдуу саны 4,2 миллионду түзөт. Алар жүрөк оорулары, инсульт, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары, өпкө рагы жана балдардын респиратордук инфекцияга кабылгандыгы болуп эсептелинет», — деди ал.


Дүйнө жүзү боюнча атмосфералык абанын булганышы төмөнкүлөрдү түзөт:


29% — Өпкөнүн рак оорусунан улам каза болгон учурлар;
17% — Төмөнкү дем ​​алуу жолдорунун курч инфекцияларынан улам каза болгондор;
24% — Инсульттан каза болгондор;
25% — Жүрөктүн ишемиялык оорусунан улам ооруган жана каза болгон учурлар;
43% — Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунан улам каза болгон учурлар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

328