7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өзгөчө кырдаал режими киргизилди

527

Шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамалдан жабыркаган №62 мектептин аймагында   өзгөчө кырдаал боюнча штабдын көчмө жыйыны өттү.

Борбор калаанын башчысы “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомго ылайык,  өзгөчө кырдаалды киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул токтомго ылайык шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилет.

Кооптуу аймактарды – асылып турган чатырлар, кондицинерлер, чоң бутактар ж.б. изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында райондук администрациялардан, муниципалдык инспекциядан жана коммуналдык кызматтардан турган мобилдик топтор уюштурулду.

Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү.

Бишкек шаарынын мэри бардык жеткиликтүү коммуналдык кызматтарды жана атайын техниканы колдонууну тапшырды. Шаарды эртең таңга чейин иретке келтирүү зарыл.

Социалдык объектилерде,  чатырын шамал учуруп кеткен мектептерде, бала бакчаларда  подряддык иштерди сапатсыз аткаруу фактыларын аныктоо боюнча комиссия түзүү тапшырылды.

 

528