7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Темир Бирназаров: Министрдин үстүнөн кат жазсам, аны карап чыгуу кайра министрге тапшырылыптыр

501

Кино жана театр режиссёру, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Темир Бирназаров: Мамлекет жетекчилиги кино тармагына жакшы колдоо көрсөтүп, акыркы мезгилде бир топ каражат бөлүп жатат, бирок ошол каражытты биз, киночулар, өзүбүз туура пайдалануудан бир кыйла алыспыз. Советтик мезгилден эмгиче сакталып келген бюрократия менен акыркы жылдары кеңири тараган популизм кино тармагын гана эмес, бүткүл коомубузду чиритип жатат.

Мисалга, «Кыргызфильм» киностудиясын жетектөөгө сентябрда кыргыз тилин жакшы билбеген адам дайындалды, ал тууралуу мен Кино департаментинин дагы, Маданият министрлигинин жетекчилигине да айтып жүрүп, тилим тешилди. Акырында, мүмкүн жардам береби деп, Жогорку Кеңештин спикерине кат жазсам, аны карап чыгуу үчүн менин катым кайра маданият министрине жиберилиптир. Министр өзү каткырып күлдү.

Кыргыз тилин билбеген, кыргыздын дилин сезип-түшүнбөгөндөр кыргыз идеологиясын кантип алдыга сүрөй алмак эле? «Кыргызфильм» болсо ошол улуттук идеологияны коомдо калыптандырып, адашып бараткандарды туура жолго салып, жаш муундарды тарбиялай турган тасмаларды жаратып, улуттук баалуулуктарды элдин аң-сезимине сиңире турган чыгармачыл мекеме эмеспи? Бирок маселеге мындай мамиле кылуу менен биз алыска бара албайбыз го…

502