7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталды

804

Бишкекте жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖРТнын биринчи этабы 24 жана 25-майда Свердлов районунун мектептеринин базасында өткөрүлдү: №4 МГ, №38 ОТК, №45 орто мектеп, №65 ЭЭЛ, №66 ОТК,  №94 орто мектеп;

— Ленин району боюнча: № 9 ОТК, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында.

ЖРТнын экинчи этабы 27, 28-майда Октябрь районунда №3, №26 ГК, №39, ОТК, №62, №63 мектеп гимназияларында жана  №64, №88 орто мектептеринде өткөрүлөт;

— Биринчи май району боюнча: №6 АОТК, №27 орто мектеп, №28МЛ, №29 ОТК МГ, №24 МГ, №69 ОТКГ  базасында өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миң 468 бүтүрүүчү катталган.

Белгилей кетсек, 24, 25-июнда ЖРТ (үчүнчү этап) жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, каалаган ЖОЖго тапшырууну чын жүрөктөн каалайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805