Британиянын Кардифф шаарында 95 жаштагы Джулиан Мойл өмүрүндө биринчи жолу 84 жаштагы Валери Уильямсга үйлөндү. Бул тууралуу “Wales Online” жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Мойл менен Валери Уильямс 23 жыл мурун Кафдиффтеги баптисттердин чиркөөсүндө таанышкан. Алар алгачкы таанышкан жеринен үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Сүйүктүүсүнүнө бир нече ай мурун үйлөнүү сунушун киргизген.
Түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөт тоюна 40 досу менен жакындары катышкан. Мурда Джулиан Мойл операда ырдап жүргөндүктөн, үлпөт той опера ырчылардын коштоосунда өткөн.
84 жаштагы Валери Уильямс тоюнда “Бул күн келээрине үмүтүмдү эбак эле үзүп койгон элем”- деп тамашаласа, ал эми Валеринин жолдошу 95 жашта үйлөнгөн кандай экен деген суроого “Бул күн мага жаңы жылды эстетип, жашоону жаңы барактан баштагандай туюлуп жатат”- деп жооп берген.