Активист Болот Ибрагимов инспекторлор жаранды жаткырып алып сабап жаткан видеону жарыялады. Видеодон эки киши милиция кызматкерлерин сөгүп, аларга каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.
Мындан улам милиционерлер аны жерге жаткырып, бири ага кол көтөргөн. Ошол учурда сары курткачан киши чуркап барып, мушташ башталган. Акыры эки киши тең кармалган. Милициянын кайгуул кызматы окуя 3-сентябрда болгонун кабарлады. Анда инспекторлор Ганди көчөсүнөн Nissan машинасын токтотушкан. Бирок айдоочусу токтобой, айланма жолго чейин качып кеткен. Май куйган жерде мас абалындагы айдоочу менен жанындагы жүргүнчүсү кайгуулчуларга орой мамиле жасап, каршылык көрсөткөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram