7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жарандын үйүндө өстүрүлгөн 130 кг баңгизат табылды

1045

Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылып алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

13-июнда Ч.Б.Т. аттуу жарандын жеке үйүн тинтүү иштери жүргүзүлүп, короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай бадалдары табылган. Ал жерди текшерүүдө өсүмдүктөр жасалма түрдө өстүрүлүп жатканы жана кылдаттык менен кам көрүлгөнү байкалган. Баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 130 килограммды түздү.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1046