Бишкекте жол кырсыгына кабылып, качып кеткен жаран кармалды. Ошондой эле шектүүнүн жанынан баңгизат табылып алынган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-сентябрь күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Тунгуч кичи районунан мурда жол кырсыгын катталган. Окуя болгон жерден качып кеткен “Хонда Свик” үлгүсүндөгү авто унаанын 1979-жылы туулган А.Т. аттуу айдоочусун кармалды.
Авто унааны убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтоткон учурда, айдоочунун жанынан 3,85 грамм өсүмдүк баңгизаты табылып, айдоочу аны ыргытып качканга аракет кылган. Ошондой эле айдоочуну наркология бөлүмүнөн текшерген учурда айдоочу баңгизаттык заттарды колдонгондугу аныкталган.
Бул факты боюнча кармалган жаранды Октябрь РИИБнын тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткирилген.