7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги №1- абактын ичине баңги зат ташып жүргөң жаран кармалды

902

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №1 мекемесине баңгизаттарды ташуу менен байланышкан кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

2021-жылдын мартында болжол менен таңкы саат 04:00дө белгисиз адамдар №1 мекеменин аймагына баңгизатты ыргытып кетишкен. Бирок баңгизат салынган баштык көздөгөн жерине түшпөй, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан табылып алынган.

Түзөтүү мекемесинин аймагындагы окуя болгон жерден өзгөчө жыты бар баңгизат салынган 10 литрлик желим канистр, 5 литрлик бөтөлкө табылган. Экспертизанын корутундусу боюнча, ал 1,868 килограмм марихуана жана 42,072 грамм гашиш экендиги аныкталган.

Мындан аркы тергөө амалдары Жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен жүргүзүлө баштап, ИИМдин жана ЖАМКтын кызматкерлери соттолгондордун арасындагы шектүүлөрдүн изине түшкөн.

Шектүүлөрдүн бири К.Э. №1 мекемеде жазасын өтөп жатат. К.Э. башка соттолгон адамдар менен сүйлөшүп алып, андан соң алар шериктери менен байланышып, баңгизаттарды ташуу жөнүндө макулдашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде К.Э.ге Жазык кодексинин 39-267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери соттолгондордун шериктерин кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде 2021-жылдын июнь айында ЖАМКтын мекемесинин бирине баңгизаттарды ташыганга шектелип Т.М. кармалган. Аламүдүн райондук сотунун токтому менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

903