2021-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки экономикалык жана социалдык өнүгүү көрсөткүчүн жарыялады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылга салыштырмалуу акыркы тогуз айда өлкөдө баалар жана тарифтер 6,5% кымбаттады. Көбүрөөк алкоголь менен тамеки кымбаттады (9,8%), ошондой эле тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга баа 7,4 % өстү.
Мөмө-жемиштердин арасынан лимон 47% кымбаттаса, гречка 31,6%, өсүмдүк майы 21,5%, кумшекер 20,5% жогорулады. Ошондой эле балык, эттин бардык түрү, нан жана кондитер азыктарына баа өскөнү байкалды.
Мекеме баанын жана тарифтин өскөнү бардык аймактарда байкалганын билдирди. Максималдуу жогорулоо Жалал-Абад облусунда катталган 9,8%.
Эскерте кетсек, улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбатчылыкты эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баалардын өсүшү мүмкүн экенин белгилеген.