Эртең, 13-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
- Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;
- Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
- Бишкекте түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17.