7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйү оңдоо иштерине жабылды

675

Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйү оңдоо-профилактикалык иштерине жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрөт үйү жыл бою COVID-19 инфекциясы аныкталган аялдарды кабыл алып келген.

Бардык медициналык мекемелер жыл сайын оңдоо иштерин, ошондой эле дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүсү зарыл. Буга байланыштуу төрөт үйү 23-августтан 20-сентябрга чейин жабылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан белгилешкендей, борбордогу COVID-19га шектүү же тастыкталган диагнозу коюлган төрөтү жакындаган аялдар Ысык-Ата аймактык ооруканасына кабыл алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676