7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин административдик соту Атазовдун мандатын жокко чыгарды

651

Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды. Бул тууралуу 7-каналга Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Буга чейин БШКга 2022-жылы Свердлов шайлоо округунан депутат болом деген Абдурахманджи Муртазалиев Атазовду депутаттык мандантынан ажыратууну суранып кайрылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын канаттандырбай койгондуктан, Муртазалиев Административдик сотко арыз жазган. Жыйынтыгында сот БШКнын чечимин жокко чыгарып, арыз ээси Абдурахманджи Муртазалиевди Свердлов районунан депутат деп тандоого милдеттендирди.

Эске салсак, Атазов Свердлов шайлоо округунан 2022-жылы депутаттыкка аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон. Депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Мындан улам мандат кийинки орун алган Атазовго тийген.

 

 

 

652