7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши сотко өттү

1247

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишти кароо 27-декабрда башталат.

Азиз Суракматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга чейин ал тергөө менен келишим түзгөнү айтылган.

Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоо органдары Азиз Суракматовду мыйзамсыз баюууга айыпташкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, анын жана жакын туугандарынын мүлкү кескин түрдө өсүп, 50 миллион доллардан ашык суммага жеткен. Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында экс-мэрдин мамлекетке келтирилген зыяны 150 миллион сом экендигин айткан. Азиз Суракматов үстүбүздөгү жылдын июль айында толук сумманы төлөп берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1248