7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин таштанды урналары картага түшүрүлөт

520
Борбор калаанын таштанды аянтчалары электрондук картага түшүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
«Бишкекреклама» муниципалдык ишканасы менен  2GIS компаниясы биргеликте шаардагы бардык таштанды жайларын электрондук картага түшүрүу ишин баштады.
Жакында шаар тургундары же коноктору  көчөдө баратып же имараттан көтөрө чыккан таштандыны «кайда таштайм»- деп баш катарып олтурбай, жакын жердеги таштанды таштоочу урнанын дарегин картадан карап таба алат.
Мындай иштер Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн жүргүзүлөт.
Эми, шаардыктар электрондук картадан кафелерди же башка объекттерди гана эмес, ал тургай, таштанды таштоочу жай кайда экенин биле алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

521