7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Битир-садаганы QR-код менен төлөөгө мүмкүндүк түзгөн система ишке кирди

373

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эми зекет, битир-садага төлөмдөрүн “Финик” электрондук капчыгы аркылуу кабыл алуу ишке киргенин билдирди. 

«Жылдан-жылга элибиз накталай акчанын ордуна электрондук капчык колдонууга өтүп жатышат. Алардын мечитке кайрымдуулук кылууга ниеттенип, бирок накталай акчасы жок болуп калган жагдайлар пайда болушу мүмкүн. Ошол себептен мечиттерде учурдун талабына ылайык, кошумча багыт катары QR-код колдонулат. Мурдагыдай эле, накталай акча берем дегендер үчүн мечиттердин садака кутучулары тура берет. Ал эми электрондук капчык аркылуу төлөөнү каалагандар үчүн QR-код ыңгайлуу болуп саналат. Ошондой эле, ар бир мечиттин эсеби өзүнчө болуп, QR-код аркылуу киргенде мечиттин аталышы жана дареги чыгат»- деди КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов.

Ал эми КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев мечиттер базасы тууралуу айтып, базага жүктөлгөн маалыматтарды толуктоолор жана башка маселелер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жалпы имамдарга кайдыгер болбостон, жоопкерчилик менен иш алып баруу керектигин айтты. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө QR-код боюнча суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

 

374