7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Блогер Сыдымандын кастыкты козутуу аракети болгон эмес

678

Белгилүү Сыдыман аты менен таанымал блогер Элмирдин айыпсыз экени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сыдыманов Элмир Болотбекович тергөө органы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖКнын 313-бер. 1-б. менен айыпталат. Анткени,  ал 2020-жылдын 4-февралында өзүнүн социалдык тармактагы “Sydyman” аттуу “Instagram” баракчасында ыплас сөздөрдү колдонуп,  региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткан.

Соттук отурумда жактоочу тарабынан комиссиондук соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган. Соттук-лингвистикалык экспертизасынын корутундусуна ылайык, Э.Сыдымановдун аракетинде региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталбаган.

10.03.2021-жылы соттук отурумда мамлкеттик айыптоочу Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 330-бер. 1-б. негизинде мамлекеттик айыптоодон баш тарткан.

679