Бокс боюнча кыргызстандын курама командасы Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чепионатында 7 коло медаль жеңди.
Чемпионат 19-январда башталып, 22 жашка чейинки спортчулар катышууда.
Коло байгенин ээлери:
- Ислам Торобаев (54 кг), Аскат Култаев (63,5 кг),
 - Ихтияр Нишонов (67 кг),
 - Нурадин Рустамбек уулу (71 кг),
 - Нурсултаев Болотбаев (86 кг),
 - Бакыт Токтосун уулу (92 кг)
 - Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору).
 
Белгилей кетсек, спортчулар улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.




			    
