7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Борбор шаарыбыз бүтүндөй Кыргызстандын жүзү». Садыр Жапаров калаа тургундарын куттуктады

789

Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров борбордун тургундары менен меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары! Кымбаттуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарынын күнү. Ордо калаабыздын шаар болуп түзүлгөндүгүнө 144 жыл толуп отурат. Жалпы мекендештеримди Мекенибиздин жүрөгү, элибиздин сыймыктуу шаары болгон Бишкектин түптөлгөн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бишкек шаары жалпы Кыргызстандын негизги өзөгү жана маданий борбору болуп саналат. Ошондуктан аны өнүктүрүү үчүн жылдан жылга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Бүгүн мамлекетибиздин борбор шаарын ар тараптуу өнүктүрүүгө багыт алганыбызды баса белгилеп айтып кетейин.

Кезинде «жашыл шаар» деген ат менен атагы алыска кеткен баш калаабызды ошол даңкына жеткирүү максатында өзүңүздөргө белгилүү «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында 40 000ге жакын бак-дарак жана бадал өсүмдүктөрү отургузулду. Мындай иш-чаралар мындан ары да ырааттуу улантыла бермекчи.

Шаардыктар болобу, же калаага келген меймандар болобу, же чет жерден келишкен коноктор болобу, борбор шаарга аяк басып түшкөндө эле, алгач жолдорубуздун абалы көзгө урунат. Ар жыл сайын чоң-чоң көчөлөрдүн жолдоруна көңүл бурулуп келген болсо, соңку мезгилден тарта жолдор менен кошо тротуарларыбыздан бери оңдоп-түзөп, куруу иштери колго алынып олтурат.

Бишкектин кечки көрүнүшүнө дагы кам көрүлүп, шаарды жарыктандыруу иш-чаралары ийгиликтүү аткарылууда. Жеке эле шаар эмес, Бишкекти курчаган бир катар конуштарга да жарыктандыруучу прожекторлор орнотулуп келе жатат.

Шаардыктардын ыңгайлуулугуна кам көрүү максатында газ менен жүрө турган сыйымдуулугу чоң автобустарды сатып алуу быйылкы жылдын артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары кабыл алынып, бул маселе тиешелүү мекеме тарабынан иликтенип, ишке ашыруу пландалып жатат. Шаарыбыз үчүн дагы бир маанилүү жагдай, атмосфералык абанын сапатын жогорулатуу максатында комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бул багытта дагы иш-чаралардын мерчеми бар.

«Санарип Кыргызстан 2019-2023« санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу алкагында «Акылдуу Бишкек» — «Келечек — 2030“ концепцияларынын долбоорлору даярдалгандыгын да кошумчалай кетейин. Ошону менен бирге жалпы билим берүү уюмдарын заманбап, инновациялык жабдуулар менен камсыздоо жана окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуу механизмдерин киргизүү аркылуу SMART-мектептердин ишин уюштуруу пландалууда. Мындан сырткары, борбор шаарда 15 мектеп, 1 бала бакча курулуп жатат. Шаарыбызды улай жайгашкан «Алтын-Ордо», «Рухий Мурас», «Мурас-Ордо», «Ак-Бата», «Ак-Ордо», «Ак-Босого», «Көлмө» конуштарында жаңы мектептер салынууда.

Баш калаабызда болуп жаткан бардык алгылыктуу өзгөрүүлөр Бишкек шаарынын жаркын келечегине багытталган. Бул, албетте, биздин жайлуу жана коопсуз жашообуз үчүн эле эмес, кийинки муундардын бакубат жашоосу жана өркүндөп-өсүүсү үчүн да өтө маанилүү. Бишкек шаары эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берип, дүйнөлүк тажрыйбанын алдыңкы үлгүлөрүн колдонуу менен, ошол эле учурда өзүнүн өзгөчөлүгүн жана кооз көрүнүшүн сактоо аркылуу жаңыланып, жакшырып турууга тийиш. Анткени

Урматтуу кыргызстандыктар!

Борбор шаарыбыз инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу мындан ары да өркүндөп-өсө беришине, ар бир жарандын камкордугу менен сүйүүсүнө арзый беришине тилектешмин. Баш калаабыздын бардык тургундарына үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалайм. Ар бир шаар тургунунун борбор шаарыбызды гүлдөтүүгө болгон умтулуусу жана ага болгон сүйүүсү өчпөсүн!»,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

790