Мамлекет башчысы «Жаштык» спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп, комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президент Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорт залдын курулушун баштоо үчүн капсула салуу аземинде белгилүү болду.
Эскерте кетсек, бүгүн, 29-апрелде, Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорт залдын курулушуна капсула салды.