7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбордун так ортосунда адвокатты өлтүрүп кетишти

2806

Уфа шаарынын тургуну шаардын борборунда укук коргоочуну бычак менен сайып, андан соң качып барып өз жанын кыюуга аракет кылган. Жаракат алган укук коргоочу ошол жерден жан берип, ал эми кол салган жаран ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, Уфаданын борборунда эки адам мушташа кетип, алардын бири бычак менен каршылашын бир нече жолу сайып, андан соң качып кеткен.

«Кылмышкер кийинки кварталда өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган, ал ооруканага оор абалда жеткирилген. Ал эми маркум адвокат экени аныкталды», — деп берилет маалыматта.
Башкириянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы шаардын борборунда кол салуу болгонун тастыктады.

«Билдирүү Россиянын Ички иштер министрлигинин Уфа шаары боюнча бөлүмүндө катталды. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетти. Азыр полиция кызматкерлери Россия Федерациясынын Башкириядагы СУСКнын өкүлдөрү менен биргеликте , кол салуунун жана чыр-чатактын жагдайларын аныктап жатышат», — деп билдиришкен полиция кызматынын пресс-борбору.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2807