7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бостеридеги каза болгон жигиттин өлүмү боюнча 3 милиция кызматкери кармалды

798

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Бостери айылында каза болгон баланын өлүмүнө шектүү катары 3 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У. жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилген.

Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

 

Тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

799