7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшан Жээнбековдун төрт пансионат боюнча ар башка жылдардагы ар башка билдирүүсү

691

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү Өзбекстанга караштуу делген төрт пансионат тууралуу пикирин билдирген видеосу жарык көрдү.  Ал видео сот процессинен кийин тартылып алынган. Анда Равшан Жээнбеков Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилүүчү пансионаттарды “министр болуп турган кезинде бербей койгонун , ал эми азыркы бийлик берип салганын» белгилеген.

Бирок архивдерден Жээнбековдун аталган пансионаттар боюнча 2019-жылы айткандарын оңой эле табууга болот. Эске салсак, так ушул жылы Кыргызстан Өзбекстанга таандык пансионаттарды өзүнө алган. Бирок буга макул болбогон коңшу мамлекет Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Равшан Жээнбеков (Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун мурдагы жетекчиси) маалымат каражаттарынын бирине:

“Пансионаттарды Кыргызстандын балансына өткөрүү боюнча маселе алар Өзбекстандыкы эмес, СССР убагында курулганы үчүн келип чыкты. Ошондуктан биз алардын менчик укугун тан алган жокпуз. Бирок маселе президенттердин дээңгелинде каралды. Биздин делегациянын сапары учурунда каршы чечимибизге карабай пансионаттарды өзбек тарапка берүү тууралуу документке кол коюлду.  Андан соң өкмөт башчысынын чечими менен кайра артка алышты. Бирок бул Өзбекстандын эл аралык сотко кайрылышы менен аяктады.

Эми кыргыз тарап сотко ынанымдуу аргументтерин көрсөтүшү керек”,-деген.

Ал эми, бүгүн тараган видеодо “бүгүнкү” Равшан Жээнбеков “Мен министр болуп турган кезде пансионаттарды бербей койгом!”-деп жатат. “Мурдагы” Жээнбековдун белгилөөсүндө, төрт пансионаттын тагдыры ошол 2019-жылы эле президенттердин деңгээлинде чечилип калган.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Жээнбеков “министр болуп турганда”деп айтып жаткан кызматы-Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрөгалыгында 2001-жылдан 2005-жылга чейин турган. Ал убакта төрт пансионат көйгөйү болгон эмес, СССР маалында калыптанып калган боюнча Өзбекстандын карамагында турган. Пансионаттарды Кыргызстанга алуу маселеси 2018-жылдары гана демилгеленген.

Равшан Жээнбековдун өзгөрмөлүү саясаты абалтан маалым. Мында дагы пансионаттардын Өзбекстанга 49 жылга берилиши коомчулуктун талкуусуна түшүп жатканын билээр замат өзүнө көңүл бурдуруунун жолу катары карманды.

Булак: Саясат.кж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692