7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК абакта жаткан Равшан Жээнбековду талапкер катары каттоого алды

690

Борбордук шайлоо комиссиясы тергөө абагында олтурган саясатчы Равшан Жээнбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоого алды.  Ал бир мандаттуу система боюнча №16 Ленин шайлоо округунан аттанган.  Маалыматты БШКнын маалымат кызматы тастыктады.

Бирок, Жээнбеков  абакта жатып шайлоо учурунда үгүт ишин кандай жүргүзөөрү белгисиз бойдон калууда.

Равшан Жээнбеков «Кой-Таш окуясы» боюнча кылмыш ишинде фигурант катары 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.

Адвокат Замир Жоошев 25-октябрдагы сот отурумунда «Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталып жаткан төрт адам парламенттик шайлоого талапкер катары бараткандыктан сот отурумдарын шайлоо бүткөнчө токтото турууну суранган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691