7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Референдум өткөрүүгө 40 миллион сом жумшалат

321

Кыргызстандагы бийликтин башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга 39 миллион 940 сом жумшалат. Бул тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы чыгымдардын көлөмүн талкуулап жаткан учурда билдирди.

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы мындай чыгымдар бюллетендерди басып чыгаруу жана жеткирүү, андан сырткары дагы бир катар иштерге 20 миллион 124 миң сом сарпталарын маалымдаган.

Аймактык шайлоо комиссияларына 12 миллион 816 миң сом бөлүнөт. Беш миллион сом ТИМге которулат, дагы 500 миң Миграция боюнча мамлекеттик кызматка каралат. Булардан тышкары 1,5 миллион сомду Мамлекеттик каттоо кызматына беришет.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдагы референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун бирге өткөрүп, ага 67 миллион сом каражат сарпталгандыгын эске салды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

322