7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК Зарылбек Рысалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

1741

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, кече 14-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту.

Маалыматка ылайык, 10-майда БШКга Свердлов райондук сотунун чечими келип түшкөн. Анда сот  Рысалиевди мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айыпка жыккан.

«БШКнын ЖК депутаты З.Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтому КР Конституциясынын 19-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,10-пункттарына, КРнын «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1,5-пункттарына, КРнын «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,9-пункттарына ылайык кабыл алынды»- деп жазылат.

Зарылбек Рысалиевдин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Ал өзү да мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1742