Марсбек уулу Илич айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин мурунку башчысы Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, буга чейин Иличке карата бут тосуулар дагы көп болгон.
«Илич Марсбек уулу айыл чарба министрдин орун басары болуп дайындалды! Бул акыркы күндөрдөгү эң жакшы жаңылык. Илич мырза абдан адискөй, таза жана мыкты менеджер. Кыска убакытта өсүмдүктөрдүн карантини департаментинде көп жакшы өзгөрүүлөрдү алып келген. Аны көрө албаган, бут тоскон күчтөр да көп болгон. «Ак ийилет, бирок сынбайт», — дегендей, буюрса, эми жалпы айыл чарба министрлигинде дагы чечкиндүү кадамдарга барат деп ишенем. Илич мырза, сизге албан ийгиликтерди каалайм! Элибизге кызматыңыз мыкты болсун. Элибиздин батасы кабыл болсун! Баарыбыз чогу Кудайдан берилген аманатты эске алып, улуу тарыхий миссияны аткарып, урпактарыбызга жакшы мурас калтырып кетели!», — деп жазган.
Ал эми Марсбек уулу Илич, Тилек Токтогазиевге жана анын постунун алдына каалоо-тилек жазган интернет колдонуучуларга ыраазылыгын жазып, төмөндөгүдөй билдирүү калтырды: «Урматтуу байкелерим, эжелерим, досторум, курбуларым сиздердин каалоо-тилектериңиздерге чоң рахмат. Кудайым буюрса мамлекетибизге чын дилимден кызмат кылууга убадамды берем. Бар болуңуздар», — деп ыраазылыгын билдирди.