7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бузулган жолдорду подрядчик компаниялар өз каражаттарына оңдошот

547

Бузулган жолдорду аткаруучу (подрядчик) компаниялар өз каражаттарына калыбына келтиришет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

«Атайын комиссия түзүп, Жалал-Абад облусундагы жаңы салынган жолдордун абалын текшерүүгө жибергем. Текшерүүнүн жыйынтыгында Таш-Көмүр — Кызыл-Жар жолуна, Ала-Бука районундагы Кажар айылындагы көчөнүн жолуна, ошондой эле Арстанбап-Базар-Коргон жолуна асфальт төшөгөн компанияларга чара көрүү сунушу берилди. Жогорудагы жолдорду салган аткаруучу (подрядчик) компаниялар өз каражаттарына бузулган жолдорду калыбына келтирүү боюнча кепилдик каттарын жазып беришти, аз убакыттын ичинде, белгиленген мөөнөттө бүтүрүп беришет. 

Салынган жолдор толугу менен эмес, айрым жерлери -суу аккан же саздак жерлер бузулгандыктан, анын себебин лабораториянын жыйынтыгы аркылуу эксперттер айтышат. Мындан тышкары, жооптуу кызмат адамдарына да чаралар көрүлөт. Учурда баардык иш-чаралар көзөмөлдө!»- дейт Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548