7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги иш-чаралар Жалал-Абадда өтөт

371

Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда облусту өнүктүрүү маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.

Отурумдун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону жогорку деңгээлде өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго көмөк көрсөтүү, ошондой эле облустун социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүшүнүн башка маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.

 

372