7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунун жана Бишкектин айрым көчөлөрү үч күнгө жабылат

688

8-9-10-декабрь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, мындай чектөөлөр Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынына байланыштуу киргизилип жатат.

Чектөөлөр киргизиле турчу көчөлөр:

  • Манас аэропортунан баштап, Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Манас жана Ч. Айтматов проспектилери Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;
  • Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

Белгилей кетсек, Бишкекте 9-декабрда ЕАЭБ лидерлеринин жыйыны өтөт. Быйыл бирикмеге Кыргызстан төрагалык кылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689