Чүйдө 2006-жылы туулган Акбермет Жорокулова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милицияга 26-февраль күнү кыздын жакындары кайрылып, ошол эле күнү Кара-Балтадагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин кабарлашкан.
Белгилери: бою 165-168 см, орточо дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.
Кийген кийимдери: ак жакалуу кара куртка, толстовка, кара шым, ак өтүк.
Көргөн же билгендер болсо, (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 номурларына кайрылсаңыздар болот.