7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы: «Манас» университети коррупция жоктугу менен өзгөчөлөнөт

386

Бүгүн, 23-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Төрага университеттин ректору Альпаслан Жейлан баштаган жетекчилердин коштоосунда окуу жайдын китепканаларын, теле жана радио студияларын, инженердик жана табигый илимдер факультеттеринин лабораторияларын, ветеринардык клиникасын жана студенттеринин жатаканасын көрүп чыгып, андагы техникалык база жана түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат алды.

Алсак, окуу жайда 4 институт, 11 факультет жана 2 жогорку мектеп иш алып барып, 6 миңден ашуун студент билим алат. Келечекте факультеттердин жана студенттердин санын көбөйтүү мерчемделип, 2024-жылы дүйнөдөгү алдыңкы 500 университеттин катарына кирүү максаты коюлган.

Окутуучулар жамааты жана студенттери менен өткөрүлгөн жолугушууда Шакиев кыргыз-түрк кызматташтыгына көпүрө болгон окуу жайдын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди.

“Университеттеги заманбап материалдык-техникалык база жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар Кыргызстандагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири экенин айгинелеп турат. Айрыкча, “Манас” илим менен тажрыйба айкалыштырып жүргүзүлгөн окуу ыкмасы жана коррупциялык көрүнүштөрдүн жоктугу менен өзгөчөлөнүп келет”, – деди.

Муну менен катар билим берүү жаатындагы маселелерге токтолгон төрага, “Биздин келечегибиз билимге гана байланган. Аталган тармак аксап турса, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Андыктан, билим берүү тармагына көрсөтүлгөн колдоо, келечекке жасалган инвестиция экенин эске алып, комплекстүү реформаларды ишке ашырышыбыз кажет. Бул жааттан алганда “Манас” университети көпчүлүк окуу жайлар үчүн үлгү”, – деп кошумчалады.

Шакиев айтылган бардык маселе эске алынып, тиешелүү мекемелер менен бирге керектүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

387