7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көз жаш менен өткөн 44 жыл

4766

Саламатсыздарбы 7-каналдын жалпы жамааты. Сиздерге мендей болуп адамдар далай жолу кайрылып, көрүнгүсү келбегендер жөн эле катын таштап баса беришкендир. Мен дагы ичимдеги бук менен 44-жазымды тосуп отурам. Айла жок экен. Үмүттүн үрүл-бүрүл жанган шамы “бери бас, бул жак аябай кызыктуу” деп азгыра берет тура. Мен деле үзүлбөгөн үмүтүмдүн аркасында ушул күндөрүмдү көрүп жүрөм. Башыңарды оорутпай кепти башынан баштайын… Атым Гүлбар.

Мен 17 жашка чыгып, чыга электе эле атам мени айылыбыздагы коңшунун баласына берип койгон. Байкуш апам илгери эле жаман оорунун айынан оо дүйнөгө кете берген. Эненин мээримине зар болуп жүрсөм, атам тигинтип өз арабаңды өзүң тарт деп узатып койду. Ошентип турмуштун ачуу таттуусун жолдошум Жыргал менен чогуу тата баштадым. Башта ал кишиден тартынып, бирок кийинчерээк көнүп калдым. Мурун кийин көрүшүп жүргөн үчүн арыз-муңумду, эч кимге айта албаган сырларымды эми ал киши менен бөлүшүп жүрдүм. Он тогуз жашка чыкканымда кош бойлуу болуп калдым, кубанычыбызда чек жок болчу. Жараткан бирине берип сынайт, экинчисинен алып сынайт тура. 9 ай курсагымда жүрүп, жарык жүзүн көргөнүнө 15 күндүн гана жүзү болгондо уулум бизди таштап кете берди. Эттен тырмак кантип айрылсын ээ..? Бирок ошондо мен катуу сындым, талкаландым. Өзүм мээримге оронбосом дагы, ал мээримди чүрпөмө берем деген тилегимди таш капты.

Бала ата-энесиз жашай берет, бирок эне үчүн баласын жоготуу аябай оор экенин мен ошондо түшүндүм. Күндөрүм супсак, кайталанма болуп өтө берди. Арадан эки жыл өткөндө кайрадан кош бойлуу болдум. Бирок бул жолкусунда көп кишиге сүйүнчүлөгөн жокмун, корктум. Бир канча убакыттан кийин бул жолку тилегим да ишке ашпай турганын билдим. Анткени курсагымдагы наристе жатындан тышкары болуп калыптыр. Дароо эле кесип, аны менен чогуу бир түтүгүн дагы алып салышты.
Баягы Гүлбар түп-тамыры менен өзгөрүлдү. Мен эми кошуналар менен дагы сүйлөшө алгыс абалга жеттим. Анткени, сөз козголсо эле баланчанын келини төрөптүр, тигинин небересин көрүп келебиз же болбосо качан төрөйсүң деген сыяктуу сөздөрдөн жашырына баштадым. Бир күнү атам үйгө мас болуп келип, көп сөздөрдү сүйлөп, шаабайымды ого бетер суутту. Аны уккан жолдошум айылда жашай албастыгымды түшүндү көрүнөт, Бишкекке алып келди.

Жашоом улана берди. Борбордогу тигүү цехтеринин бирине кирип тигүүчү болуп иштей баштадым. Жыргал болсо кичинекей үй-тиричилигине керектүү буюмдарды саткан дүкөн ачып алды. Колумдан келишинче жардам берип, бат эле буттан туруп бул жактан үй алганга жетиштик. Турмушубуз жайдары өтүп жатат деп өзүмдү алаксытып жүрө берипмин. Аны мен жолдошумдун күн алыс үйгө каттап калганынан сезе баштагам. Мага болсо иши көп экенин айтчу, болбосо жардамчылары деле бар болчу. Бир жолу базарда жүрүп айылдаш эжеге жолугуп калдым. “Гүлбар ай, тиги сенин күндөшүң деле таптатынакай неме экен, жапжаш тура, ошол үчүн үйлөнгөн го…дейин десем ортолорунда баласы бар экен” деп дагы далай сөз сүйлөдү. Үстүмдөн муздак суу куюп жибергендей сестейип туруп калдым. Эже, адашып алган жоксузбу? Туура эмес көрүп алдыңыз окшойт деген кебиме, “мен эмне Жыргалды тааныбай калыпмынбы, койчу ай” деп далыга бир чапты. А же б дебей үйгө шаштым. Шолоктоп ошондо катуу ыйлаганым азыркы күнгө чейин эсимде. Жыргал түн ичинде келди. Сүйлөштүк, көрсө чын эле жаш аялы бар экен, бир баласы экинчиси боюнда бар, аларды ата-энесине тааныштырганы алып барыптыр. Эми мен эмне кылышымды билбей орто жолдо турам. Караан тутуп алаар балам жок, күйүп тураар күйөөм жок. Ошол үчүн кызга да, уулга да бакыт тилегенди унутпагыла».

Даярдаган: Асель Жаныбекова

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4767