Чүйдө 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү катары 52 жаштагы өгөй атасы Ысык-Көл облусунан кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
30-октябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 43 жаштагы аял кайрылып, анын жолдошу автоунаасы менен 17 жаштагы кызын уурдап кеткенин айтып арызданган.
Учурда факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122 -беренеси («Адам өлтүрүү») жана 165-беренеси («Адамды уурдоо») менен иш козголуп, тергөө уланып жатат.