Чүй облусунун Петровка айылында BMW үлгүсүндөгү унаа жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды сүзүп, из жашырып кеткен. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-апрелде болгон. Аталган жол кырсыгынан 23 жаштагы кыз оор абалда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө, BMW үлгүсүндөгү унаанын 20 жаштагы айдоочусу кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Ал эми унаа айып короого киргизилди.