7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучу кыздардын ур-токмогуна байланыштуу окуялар Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлүндө

561

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Бишкекте окуучу кыздардын сабалышы боюнча эки учурду өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуялар болгон күнү Асел Чынбаева мамлекеттик органдарга бул окуя боюнча ишти уюштурууну тапшырган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча 1-класстан 4-класска чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нөөмөтчү инспектор барып эки окуучу кыз менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Ата-энелер чакырылып, класс жетекчилер менен да баарлашуу болду.

Болгон окуялар Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө.

Учурда бул эки окуя Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын балдар боюнча Комиссиясында каралып, башка окуучу кыздарга күч колдонгон окуучуга профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Мектеп ата-энелер менен дайыма байланышта. Баланын окууга болгон укугун тебелегендиктен, аны окуудан чыгаруу жөнүндө сөз жок.

Учурда мектепке өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери кошулуп, мектеп жетекчилиги ата-энелер комитеттери менен окуяга күбө болгон мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева өз кезегинде окуучулар арасындагы мындай ур-токмокко алуу фактыларына көзөмөл мындан ары дагы күчөтүлөт деп ишендирди.

Ал ошондой эле балдар менен иштеген бардык уюмдарга келечекте ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн окуучулардын жана ата-энелердин арасында профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү сунуштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

562