7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө депутат кастыкты козутууга шектелип кармалды

690

Аламүдүн районунда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал 2022-жылдын 7-июнда Ленинский айылынын жергиликтүү тургундарды чогултуп, башка аймактардан келгендер өз эрежелерин коюп жаткандыгына нааразычылыгын билдирген. Анын пикиринде, аларга аймакта орун жок экенин билдирген.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

«Ленинский айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты тарабынан аймактар арасындагы кастыкты (аразчылыкты) ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндүгү такталган. 1979-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда»- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691