7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өтмөк ашуусундагы жол кырсыктан оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап, 1 адам жаракат алган (ФОТО)

863

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаа менен “Toyota Surf” унаасы кагышып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнүЖайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында, Өтмөк ашуусунда бетон шакекчелери менен жүктөлгөн “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен “Toyota Surf” унаасынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн түшүп кетип, бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган.

Бул окуя тууралуу ӨКМге 12-октябрь күнү маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жолду тосуп калган бетон шакекчелерди алууга жардам беришкен.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы Т.Б. аттуу эркек киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

864