7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдөгү оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү 23 жылдан бери иштебей турат

232

Чүй районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 1998-жылдан бери иштебей турат, имаратка капиталдык ремонт талап кылынат, анын наркы болжол менен 13 млн сомду түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, аймактык ооруканада жүк ташуучу лифт дагы иштебей калган, бул бейтаптарга жана медиктерге оорчулукту келтирүүдө.

Ошондой эле, вице-премьер-министр Эльвира Суабалдиева Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Республикалык балдар психиатриялык ооруканасына барды.


Учурда мекемеде, аянты 1 миң кв.м. саналган имаратта 8 бала бар, аларды камсыздоого республикалык бюджеттен жылына 8 млн сом бөлүнөт.


Сапардын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо боюнча маселени иштеп чыгууну тапшырды.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга бейтаптардын дарылануусу жана жашоосу үчүн тийиштүү талаптарды эске алуу менен балдар психиатриялык ооруканасын Бишкек шаарына которуу маселесин иликтеп чыгуу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

233