7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдөгү Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы ири туристтик аймакка айланат

222

Чүй облусунда жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы жакынкы жылдары заманбап туристтик аймак катары өнүктүрүлөт. Бүгүн Президент Садыр Жапаров аталган аймакка барып, анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков маалымдады.

“1965-жылы курулган суу сактагыч толгон мезгилде аймактагы токой суу алдында калып, өзгөчө табигый көрүнүштү жаратат. Дал ушул мезгилде бактарга ар кандай канаттуулар уя салып, балапан чыгарат. Уникалдуу көрүнүш март айынан июнь айынын ортосуна чейин уланып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин кызыгуусун жаратып келет.

Акыркы жылдары бул аймакка коңшу мамлекеттерден да туристтер келип, сүрөткө түшүп, эс алып кетишүүдө. Бирок эс алуучулар үчүн кызмат көрсөтүү шарттары жетиштүү деңгээлде болгон эмес. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга аймакты иретке келтирип, туристтер үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмаларды берди. Анын алкагында заманбап афрейм үйлөрдү, ресторандарды, сейилдөө жолдорун жана эс алуу инфраструктурасын куруу пландалууда”,-деди Орунбеков

Долбоор ишке ашкандан кийин Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы өлкөдөгү эң кооз жана популярдуу туристтик жайлардын бирине айланары күтүлүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

223