7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө мал уурдоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

243

Чүй облусунун Сокулук районунда үч уй уурдаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 55 жаштагы О.А. аттуу Дача-Суу айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 21-ноябрга караган түнү сарайдан ар кандай түстөгү үч уйду белгисиз адамдар уурдап, из жашырып качып кеткен. Келтирилген чыгымдын көлөмү 240 миң сомду түзгөн.

«Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, 27 жаштагы Р.Р. жана В.А.аттуу Чүй облусунун тургундары кармалган. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, жогоруда аталган адамдар Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагында жасалган мал уурулуктун дагы үч фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын мойнуна алышты. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка фактыларына катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

244