7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө менчикке өтүп кеткен мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

322

Чүй облусунун Сокулук районундагы менчикке өтүп кеткен Гаврилов мектебинин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Анын наркы 255,6 миллион сомго бааланып, аянты 18 миң 060 чарчым метрди түзөт. Мектепти 1992-жылы Шопоков айыл чарба кооперативи менчиктештирип алган.

Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги 2006-жылы 12,5 миллион сомго мектепти сатып алган. Бирок кооператив акчаны алып, мектептин имаратын ушул кезге чейин мамлекеттин менчигине кайтарган эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында окуу жай мамлекеттин балансына өттү.

 

 

323