7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө өрт кырсыгынан 21 жаштагы жаран мерт кетти

484

Чүйдө өрттүн кесепетинен 21 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

3-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан «Бишкек-Алма-Ата» кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө саат 11:51де Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан.  Тилсиз жоо саат 12:34 чектөөгө алынып, саат 14:00 толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу аттуу эркек киши каза тапкан.

Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен шаардык N4 ооруканага жеткирилген. Анын денесинин 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.

 

 

485