Чүйдө өрттүн кесепетинен 21 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
3-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан «Бишкек-Алма-Ата» кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 11:51де Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан. Тилсиз жоо саат 12:34 чектөөгө алынып, саат 14:00 толук өчүрүлгөн.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу аттуу эркек киши каза тапкан.
Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен шаардык N4 ооруканага жеткирилген. Анын денесинин 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.