Баткен облусунун Кадамжай районунда тамак-ашка 5 адам ууланып, 3 жабырлануучу оор абалда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, жабырлануучулар 21-ноябрда түшкү тамактануу учурунда үй шартында жасалган жашылча консервалар менен тамактанышкан.(помидор, капуста, бадыраң,)
«Жабыркагандар Кадамжайдын медициналык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 3 жабырлануучунун абалы оор болуп жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат. Ал эми экөөнүн абалы орто оор деп бааланууда»,-деп берилет билдирүүдө.
Бардык жабырлануучулардан лабораториялык изилдөө үчүн клиникалык материалдар алынган.