Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Депутат Чолпон Султанбекова Бишкекти таштанды басып кеткенин айтып, мэр эмне иш кылып жатат деди.
«Бишкекти таштанды басып кетти. Мэр эмне иш кылып жатат билбейм. Тазалык ишканасынын жумушчуларынын маяналары көтөрүлдү дешти эле… Бишкектин кайсыл районуна барбаңыз таштанды толуп кетти. Кыш келип, үстүнө кар жаап салып такыр болбой калды. Ушул маселени карап койбойсуңарбы»,- деди ал.